Меню
Эл-Сөздүк

Недостоверная реклама

Анык эмес жарнама

Недостоверная реклама

АНЫК ЭМЕС ЖАРНАМА – товардын сын-сыпаттары, анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук тастыктамасы, тастык белгилери жана мамлекеттик стандарттарга ылайыктуулук белгилери, саны жана чыгарылган жери; базарда товардын болушу, аны көрсөтүлгөн өлчөмдө, мезгилде, убакта жана бир жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү; товардын жарнама таратылган учурдагы наркы; төлөөнүн кошумча шарттары; товарды жеткирүү, алмашуу, кайтаруу, оңдоо жана тейлөө; кепилдик милдеттенмелер, иштөө, жарактуулук мөөнөттөрү; юридикалык жактын акыл-эс эмгегинин өнүмдөрүнө жана ага теңдештирилген жекелештирүү каражаттарына карата бирден бир укуктары, өнүмдөрдү, аткарылган ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү; мамлекеттик символдорду, ошондой эле эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга карата укуктары; ырасмий таануу, медалдар, байгелер, дипломдор жана башка сыйлыктарды алгандыктары; эгер товар бир түрмөктүн бөлүгү болсо, товардын толук түрмөгүн сатып алуунун ыкмалары; товарга болгон иш жүзүндөгү суроо-талаптардын чен-өлчөмү; керектөөчүгө берилүүчү кепилдиктер; жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө чындыкка туура келбеген маалыматтар камтылган жарнама. Ошондой эле документ түрүндө ырастоого мүмкүн болбогон, эң чоң даражадагы аталгыларды («эң», «гана», «мыкты», «теңдешсиз», «бирденбир»); башка товар (товарлар) менен, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана абалдары менен салыштыруулар колдонгон жарнамалар дагы А. э. ж-ларга жатат. А. э. ж-ларга жол берилбейт.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Недостоверная реклама

Русский Кыргызский
Реклама жарнама
Реклама. кулактандыруу
Заголовок является одновременно резюме и реклама. Кабардын аталышы анын мазмунун чагылдыруу менен бирге жарнак да болот.
Реклама также защиты своих игроков: Мы обещаем только то, что игроки могут получить в нашем прозрачной линии. Жарнактык ишмердүүлүк дагы оюнчуларды коргоону эске алуу менен жүргүзүлөт: оюнчулар үчүн биздин тунук тизмегибизден ала ала турган нерселерге гана биз сөз беребиз.
Информация, содержащаяся в текстах была также представлена ​​в различных формах: нарративов, картин, символов, таблиц и "Реклама". Тексттердеги маалыматтар дагы түрдүү формаларда берилди: баяндоо, сүрөттөө, символдор, таблица, «жарнама».
Отсутствие опыта в выполнении заданий, используя тексты с информацией, представленной в различных формах (реклама, столы, символы). аргандай формада берилген маалыматтуу (кулактандыруу, таблица, символдор) тексттер менен тапшырмаларды аткарууда тажрыйбанын жоктугу;
Использование наименования места происхождения товара считается применение его на хорошие, упаковка, реклама, проспекты, форм и других документов, связанных с введением хороший в хозяйственный оборот. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу деп аны товарга, сырткы оромосуна, рекламага, проспекттерге, бланктарга жана товарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу башка документтерде колдонуу эсептелинет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: